Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 «№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө» токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 7 -июну № 40 № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мойдунов Тотунун ысымы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарылуусу «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого» ылайык келээри белгиленсин.
2. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынан жана Мойдунов Тотунун үй бүлөсүнүн атынан келип түшкөн кайрылуулар эске алынсын.
3. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине Мойдунов Тотунун ысмын ыйгарууда жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин.
4. №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби «№ 1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби» деп аталсын.
5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы № 488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер -министрине, Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго жуктөлсүн.
Төрага
Р. Жунусакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы…Постановление · 27.08.2014 · № 488 · Күчүн жоготкон