Токмок шаардык кеңешинин «Республикалык бюджеттен жергиликтүү шаардын бюджетине келип түшкөн 15000,0миң сом максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 27-июну № 148/22-4 Республикалык бюджеттен жергиликтүү шаардын бюджетине келип түшкөн 15000,0миң сом максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берүү жөнүндө
2018-жылдын 20-июнундагы № 960/1-4 Токмок шаарынын мэри Д.Ж. Амангельдиевдин катынын жана 20-июндагы Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү шаардын бюджетине келип түшкөн 15000,0 миң сом максаттуу трансфертерди багыттоого макулдук төмөнкү тартипте берилсин:
-“Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасына Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу 9000,0 миң сом “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине субсидия боюнча карыздарды жабууга (тарифтер боюнча айырмасынын чыгымдарын жабууга) калкка жылуулук энегиясын берген үчүн бөлүнүп берилсин;
- 6000,0 миң сом төмөнкү иштерди жүргүзүүгө бөлүнүп берилсин: №9 орто мектебинин жылытуу системасын оңдоого – 4272,0 миң сом, №4 толук эмес орто мектебинин жылытуу системасын оңдоого – 394,5 миң сом, №6 орто мектебинин жылуулук энергиясын эсептегич приборун орнотууга– 500,0 миң сом, Токмок шаарынын 1 жана 3 кичирайондорунун көчөлөрүнүн жарыктандырууларын таянычтары менен орнотуу жүргүзүүгө– 600,0 миң сом, Токмок шаарынын мэриясынын жана ТРЭСТ муниципалдык имараттардагы эсептегич приборлорун текшерүү жүргүзүүгө – 70,0 миң сом, Токмок ш. Ленин көчөсүндөгү Лениндин эстелигинин айланасындагы паркты көрктөндүрүү боюнча реконструкциялоого – 163,5 миң сом.
2. Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын директору (Шамил уулу Тамерлан) жана Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын милдетин аткаруучусу (Кусанов С.А.) бөлүнгөн каражатты максаттуу багыты боюнча так пайдалансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон