# Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 143/21-4 "Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 143/21-4 "Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143/21-4
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47394/edition/900854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 143/21-4 "Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга уруксат берүү жөнүндө" токтому (14.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410648

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 14-майы № 143/21-4 Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга уруксат берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын “Имараттар жана курулуштар 3111 беренеси боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу” жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле, 2018-жылдын 28-апрелиндеги Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттык комиссиясынын отурумунун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнүн аппараты жана борбордоштурулган эсеп-кысап бөлүмү боюнча бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинин эсебинен азайтылуусу менен 300,0 миң сом суммасын көбөйткөнгө жана ошондой эле, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнүн ичинен 38,0 миң сом бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
