Токмок шаардык кеңешинин «Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга уруксат берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 14-майы № 143/21-4 Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга уруксат берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын “Имараттар жана курулуштар 3111 беренеси боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу” жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле, 2018-жылдын 28-апрелиндеги Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттык комиссиясынын отурумунун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнүн аппараты жана борбордоштурулган эсеп-кысап бөлүмү боюнча бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинин эсебинен азайтылуусу менен 300,0 миң сом суммасын көбөйткөнгө жана ошондой эле, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнүн ичинен 38,0 миң сом бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59