# Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 138/21-4 "Бюджеттик ассигнованиелерди «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренеси боюнча максаттуу багытта өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 138/21-4 "Бюджеттик ассигнованиелерди «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренеси боюнча максаттуу багытта өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138/21-4
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47389/edition/900844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 138/21-4 "Бюджеттик ассигнованиелерди «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренеси боюнча максаттуу багытта өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (14.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410643

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 14-майы № 138/21-4 Бюджеттик ассигнованиелерди «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренеси боюнча максаттуу багытта өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын “3111 беренесинен ич ара 2200,0 миң сом акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү” катын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 28-апрелиндеги отурумунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды каржылоого мурда каралган сумманын эсебинен 2200,0 миң сом бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануу үчүн, жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
