# Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 125/17-4 "Токмок ш. К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 125/17-4 "Токмок ш. К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125/17-4
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47378/edition/900822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 125/17-4 "Токмок ш. К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому (08.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410632

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 8-февралы № 125/17-4 Токмок ш. К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын 26.01.2018-ж. чыг.№058/18/05-1/807 катын карап жана талкуулап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 2-февралындагы протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин” 4-б.,339-б., Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгына Токмок шаарынын үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктору менен пайдаланганы үчүн жер салыгынын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгынын эсептешүүлөрдө колдоонуу үчүн К3 зоналык коэффициенти төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:

Зоналарынын категориясы

Токмок ш. кварталдарынын №

Колдонулуучу коэффициенттер (К3)

I - зонасы

17,18,19,20,21,22,23,24,25,26,27,28,29,30,31,32, 33,34,35,36,37,38,39,42,43

1,2

II - зонасы

1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,40,41,44, 45,46,47 жана өнөр жай зонасы

1

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
