# Күн-Чыгыш айылдык Кенешиин 2018-жылдын 13 -февралы № 1 "Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Күн-Чыгыш айылдык Кенешиин 2018-жылдын 13 -февралы № 1 "Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47202/edition/897233/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күн-Чыгыш айылдык Кенешиин 2018-жылдын 13 -февралы № 1 "Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому (13.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410455

---

КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылышынын XI- сессиясы 2018-жылдын 13 -февралы № 1 Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

Күн-Чыгыш айыл аймагында калктын 99,8 % ы кыргыз улутунда, калганы 0,02%ы калк мамлекеттик тилди өздөштүрө тургандыгын эске алып, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күн-Чыгыш айыл аймагында ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-ж.№ 743 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан эске алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.Шакировага тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке өзүмө калтырам.

Төрага

Ж. Баялиев
