# Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 6 “Жер участогун бир категориядан экинчи категорияга которуу” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 6 “Жер участогун бир категориядан экинчи категорияга которуу” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47198/edition/897241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 6 “Жер участогун бир категориядан экинчи категорияга которуу” токтому (01.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410451

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-марты № 6 “Жер участогун бир категориядан экинчи категорияга которуу”

Тарыхый – маданий маанидеги эстелик куруу үчүн жер участогун сурап кайрылган арыз түшкөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 08.12.2010 жылы № 312 токтому менен Кыргыз Республикасынын жер кодекси боюнча Кызыл-Туу айылдык Кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпы аянты 0,09 га болгон айылга жакын, мал жайыт категориясындагы “Айыл чарбасына тиешелүү жерди”, башка категорияга өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аянты” Тарыхый – маданий маанидеги эстелик курууга Кызыл-Туу айыл аймагынан Бишкек – Ош трассасы өткөн боюнда № 24, 25 контурду . Башка категорияга которуулсун.

2. Сокулук районун жер орноштуруу башкармалыгына жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнө сураныч, райондун жер кадастро китебине тиешелүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүп, жерди бөлүп берүүсүн өтүнөбүз.

3. Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысына трансформацияга тиешелүү документерди даярдап, № 24, 25 контурду максатка ылайык колдонсун.

4. Токтомдун чечилишинин аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысына тапшырылсын.

Төрөга

Иманалиев К.Ю
