# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-3 "Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-3 "Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/13-3
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47186/edition/896821/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-3 "Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө" токтому (12.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410439

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы 2018-жылдын12 -январы № 27/13-3 Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө

Ананьев айыл өкмөтүнүн башкы адиси юрист А.К.Бурабаеванын айыл өкмөттүн кызматкерлеринин эмгек маянасына 20% жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөп берүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бугу айынын 30 дагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамынын 31- беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык Ананьев айыл өкмөттүн кызматкерлерине эмгек маянасына 20% жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөп берүү жагы каралсын.

2. Токтомдун аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.М.Аттоевага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке жүктөлсүн.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Кубат уулу Т.
