# Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 "Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 "Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47172/edition/896401/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 "Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө" токтому (28.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410425

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 28-июну № 58 Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегиндеги кызматтардын акыларын карап, талкууга алып, айыпдык аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык кызмат керсөтүүлөрдүн кошумча тизмедеги кызматтар акысыз көрсөтүлсүн, тиркелет.

2. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

Э.А. Темиров
