# Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-июнундагы № 57 "Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-июнундагы № 57 "Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47171/edition/896399/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-июнундагы № 57 "Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (08.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410424

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын 7-сессиясы

2017-жылдын 8-июну № 57 Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-мартындагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө'" жана "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө негизинде айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевдин сунушун карай, айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теплоключенка айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо'" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары бекитилсин.

2. Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана мүлккө укук каттоо башкармалыгы жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Э.А. Темиров
