# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 38 "Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 38 "Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47114/edition/894399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 38 "Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410366

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 18-декабры № 38 Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө

Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жана аны жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөттүн башчысынын маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чапаев айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- 1 га кайракы айдоо үчүн = 70 сом;

- 1 га сугат айдоо үчүн – 395 сом.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
