# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 37 "Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 37 "Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47113/edition/894397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 37 "Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп бекитүү жөнүндө" токтому (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410365

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 18-декабры № 37 Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп бекитүү жөнүндө

Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдү (суу топтолгон көлчүктөрдү) рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ошондой эле туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун мамлекеттик каттосун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнө төмөнкү жер участорду пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) бекитилсин:

- туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы:

№964 контурунда жайгашкан жалпы аянты 20,3 га, №928 контурунда жайгашкан жалпы аянты 14,4 га, №303 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,4 га, №518 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,2 га, №293 контурунда жайгашкан жалпы аянты 5,4 га жер участоктору;

- саздардын астындагы:

№965 контурунда жайгашкан жалпы аянты 5,2 га, №926 контурунда жайгашкан жалпы аянты 15,1 га, №517 контурунда жайгашкан жалпы аянты 3,2 га жер участоктору.

2. Айыл өкмөтү ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун Москва районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
