# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 33 "Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 33 "Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47111/edition/894393/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 33 "Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө" токтому (25.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410363

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 25-октябры № 33 Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө

Айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адисинин Чапаев айыл аймагында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоонун зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12 жана 13-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

- Арпачиев А.К., айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы;

- Кенджебаева Л.С., айылдык кеңештин депутаты;

- Иманкулов К.Ж., айылдык кеңештин депутаты;

- Едильбаев Т.Т., айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси;

- Медетов М.О. айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси.

2. Түзүлгөн комиссия Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
