Чапаев айылдык кеңешинин «Чапаев айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата бюджетинин болжолдуу киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2017-жылдын 10-июлу № 24 Чапаев айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата бюджетинин болжолдуу киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө
Айыл өкмөтү сунуштаган 2018-2020-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин болжолдуу киреше жана чыгаша бөлүтөрүн карап чыгып, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы М.М.Султаналиеванын айыл өкмөттүн кирешеси жана чыгашасы боюнча айтылган маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн бюджетинин 2018-жылга карата киреше бөлүгүнүн долбоору 3580,0 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражат боюнча 10,0 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 3580,0 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражат боюнча 10,0 миң сом сунушталсын.
2. Айыл өкмөттүн бюджетинин 2019-жылга карата киреше бөлүгүнүн долбоору 3734,0 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражат боюнча 10,0 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 3734,0 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражат боюнча 10,0 миң сом сунушталсын.
3. Айыл өкмөттүн бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүнүн долбоору 3884,0 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражат боюнча 10,0 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 3884,0 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражат боюнча 10,0 миң сом сунушталсын.
4. Айыл өкмөттүн бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу киреше жана чыгаша бөлүтөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине алгачкы вариантта сунушталсын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
7. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага
Р. Алманиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон