# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 22 «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин иш-аракети жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 22 «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин иш-аракети жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47108/edition/894387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 22 «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин иш-аракети жөнүндө" токтому (21.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410360

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 21-июну № 22 «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин иш-аракети жөнүндө

«Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин (ИСКАКБ) жетекчилигинин Коомдордун иш-аракети жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, 2017-жылдын 27-февралындагы жашоочуладын-суу пайдалануучулардын жыйынынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине ылайык, «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ИСКАКБнин уставдарынын негизинде Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Спартак-Суу» жана «Сармурза» ИСКАКБ:

1) төмөнкүдөй маселелер боюнча өзүнүн иш-аракетин айыл өкмөт менен макулдашсын:

- ИСКАКБдын бюджетин түзүү;

- ИСКАКБдын штаттык ырааттамасын түзүү;

- ИСКАКБдын иштөөчүлөрүнүн эмгек акысынын жана ичүүчү суу үчүн абоненттик төлөөлөрдү чогултуучулардын пайыздык төлөмдөрүнүн өлчөмүн белгилөө;

2) ИСКАКБдын макулдашылган чечимдерин ичүүчү сууну пайдалануучулардын жалпы чогулушуна алып чыксын;

3) ИСКАКБнин иш-аракетинин маселелери боюнча жашоочулардын-ичүүчү сууну пайдалануучулардын жыйынын бардык чечимдери айылдык кеңеш менен бекитсин.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
