# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 20 «Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук карыздарын жоюу чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 20 «Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук карыздарын жоюу чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47107/edition/894385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 20 «Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук карыздарын жоюу чаралары жөнүндө" токтому (21.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410359

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 21-июну № 20 «Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук карыздарын жоюу чаралары жөнүндө

«Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин жетекчилигинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук карыздары (ИСКАКБ), ошондой эле ичүүчү сууну пайдалануучулардын дебитордук карыздары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, электроэнергия үчүн түзүлгөн карыздарга байланыштуу электроэнергияны өчүрүүнү болтурбоосун жана ичүүчү сууну берүүнү токтотуусун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамынын 5-6, 23-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Спартак-Суу» ИСКАКБ ичүүчү суу үчүн карыздары бар абоненттерге, суу менен камсыздоо системасынан өчүрүү жолу менен ичүүчү сууну берүүнү токтотсун.

2. Суу менен камсыздоо системасынан өчүрүү жана суу менен камсыздоо системасына кошуу менен байланышкан чыгашалар ичүүчү сууну пайдалангандардын (абоненттердин) каражаттарынын эсебинен анык жумшалган чыгашалардын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
