# Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 15 "Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 15 "Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47103/edition/894377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 15 "Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө" токтому (10.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410355

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 10-апрели № 15 Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

«Азия-Энерго» ЖЧКнун 2017-жылдын 8-августундагы №6 кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун жана айыл өкмөттүн бул маселе боюнча сунушун карап чыгып жана талкууулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 жана 82-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 6- беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кичи ГЭС куруу үчүн Чапаев айыл аймагынын №8 контурунда жайгашкан аянты 2 га жер участогун «Азия-Энерго» ЖЧКна ижарага 49 жылга бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн сунушуна макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
