# Чапавев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 11 "Чапаев айыл аймагында талап кылынбаган айыл-чарба жерлерин пайдалануунун шарттары жана тартиби жүнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапавев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 11 "Чапаев айыл аймагында талап кылынбаган айыл-чарба жерлерин пайдалануунун шарттары жана тартиби жүнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47102/edition/894375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапавев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 11 "Чапаев айыл аймагында талап кылынбаган айыл-чарба жерлерин пайдалануунун шарттары жана тартиби жүнүндө" токтому (02.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410354

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2017-жылдын 2-марты № 11 Чапаев айыл аймагында талап кылынбаган айыл-чарба жерлерин пайдалануунун шарттары жана тартиби жүнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесинин жана 37-беренесинин 11-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 3-бөлүгүнүнүн жоболорун эске алып, жер реформасы жүргүзүлгөн учурда жер үлүшү аныкталып, бирок ар кандай себептер менен ал жерди албаган (талап кылынбаган жер үлүштөрү) жарандардын айыл-чарба багытындагы жерлерин рационалдуу жана максаттуу багытта пайдаланууну камсыз кылуу максатында Чапавев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чапаев айыл аймагында жайгашкан талап кылынбаган жер үлүштөрүн пайдалануучу болуп Чапаев айыл өкмөтү таанылсын.

2. Чапаев айыл аймагында талап кылынбаган айыл-чарба багытындагы жер үлүштөрүн пайдалануунун шарттары жана тартиби жүнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Жер реформасы жүргүзүлгөн учурда аныкталган жер үлүшүн берүү жөнүндө жарандын кайрылуусу учурда, талап кылынбаган жер үлүштөрүн ижарага алуу келишимдери боюнча жер мамилелери Келишимдин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чечилээри белгиленсин.

4. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.

6. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери, мал чарба, ветеринария жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
