# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 " Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 " Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/41034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-7982/edition/412409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/41034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 " Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтому (11.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/41034

---

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 11-январындагы № 8 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 17-июну № 241

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек

шаарына жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун

Маевка айыл өкмөтү жер участкасын убактылуу пайдалануу укугунан

өз ыктыяры менен баш тарткандыгына байланыштуу, Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына жана 62-статьясы-

нын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн району-

нун Маевка айыл өкмөтүнүн Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан

84,0 га аянттагы жер участкасын пайдаланууга укугу токтотулсун.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер андан ары

жеке турак жай курууга берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына

өткөрүп берилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасынын норма-

тивдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ж€ргүзсүн;

- бөлүп берилген жер участкаларына курулуш куруу долбоор-

лорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;

- жерлерди натуралай бөлүп берүүнү айыл чарба өсүмдүктө-

рүнүн түшүмүн жыйнагандан кийин жүргүзсүн;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Респуб-

ликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплек-

син өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
