# Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 31/ VI –27 "Аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөк өлчөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 31/ VI –27 "Аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөк өлчөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/ VI –27
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47047/edition/893603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 31/ VI –27 "Аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөк өлчөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому (17.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410299

---

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-майы № 31/ VI –27 Аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөк өлчөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03. 2017-жылдагы № 131- “Кыргыз Республикасынын мамлекетттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүн көбөйтүү үчүн акча каражатын бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чин жана атайын чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүн көбөйтүү үчүн акча каражаты бекитилсин.

2. Үстөктөрдүн өлчөмүн көбөйтүү 2017-жылдын 1-мартынан тартып эсептелип, аппарат кызматкерлерине төлөнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Албекенов
