Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Милянфан айылдык Кеңешинин «Милянфан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджет планын кароо жана бекитүү, 2017-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2018-2019 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» токтому
МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 24-январы № 1/1-27 Милянфан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджет планын кароо жана бекитүү, 2017-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2018-2019 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Милянфан айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын “2017-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2018-жылга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап Милянфан айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милянфан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин планы 7674,6 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-ж. №403 Токтомунун негизинде, типтүү түзүмдүн жана айыл өкмөттүн штаттык саны 5,0-7,0 миңден ашуун болгондугунун негизинде Милянфан айыл өкмөтүнүн штаттык тизимине өзгөртүү киргизилип, штатка 2 бирдик кошулсун (1 башкы адис, 1-адис).
3. Туракжай-коммуналдык чарбанын штаттык тизмеси бекитилсин.
4. Негизги эсеп боюнча бош калган каржы 53,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
5. Атайын эсеп боюнча бош калган каржы 227,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
6. Жүгүртүү-кассалык нак акча каражат 23,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
7. Милянфан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша болжолунун суммасы: 2019-жылга – 6620,9 миң сом, 2020-жылга – 6805,9 миң сом өлчөмдө жактырылсын.
8. Милянфан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетин аткаруусу боюнча отчету киреше боюнча 8639,1 миң сом, чыгаша боюнча 9551,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Милянфан айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ш. Мачан
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Күчүн жоготкон