# Красный Восток айылдык кеңешини 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/3 "Айтмайданын куруу үчүн жер тилкесин жайыттан башка жерлар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешини 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/3 "Айтмайданын куруу үчүн жер тилкесин жайыттан башка жерлар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/3
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46941/edition/1080122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешини 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/3 "Айтмайданын куруу үчүн жер тилкесин жайыттан башка жерлар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (28.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410193

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2015-жылдын 21-апрели № 14/3 Ат майданын куруу үчүн жер тилкесин жайыттан башка жерлар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

(Красный восток айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 18/2 токтомунун редакциясына ылайык)

Красный Восток айыл аймагынын тургундарынын, Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын жашоочуларынын арызын, ат оюндар комплексинин Красный Восток айыл аймагынын куруу боюнча айыл аймагынын башчысы Э.М. Алыбаевдин маалыматын угуп, Красный Восток айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагынын төмөндөгү контурларында № 24-2,4га, 25-0,6га, 26-0,3га, 27-0,1га, 28-3,4га, 29-0,7га, 30-06га, 32-0,5га, 33-0,4га, 35-0,4га, 36-4,1га, 37-8,4га, 38-9,4га, 39-2,0га, 40-1,5га, 44-08га, 45-0,5га, 46-1,4га, 47-3,1га, 54-1,1га жайгашкан мамлекеттин менчигиндеги жалпы аянты 41,7га түзгөн жайыт жер тилкесин ат майданын куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин”

2. Красный Восток айыл аймагынын башчысы Э.М.Алыбаев Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына кайрылып, жайыт жерине ат оюдар комплексин курууга трансформациялап которуп берүүсүн сурансын.

3. Ат оюнун комплекси курулуп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамынын « Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» 31 беренесинин 5 бөлүгүнө таянып, Красный Восток айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын агрардык маселер боюнча иштеген депутаттар комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Закиров
