Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный Восток айылдык кеңешини «Айтмайданын куруу үчүн жер тилкесин жайыттан башка жерлар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2015-жылдын 21-апрели № 14/3 Ат майданын куруу үчүн жер тилкесин жайыттан башка жерлар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
(Красный восток айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 18/2 токтомунун редакциясына ылайык)
Красный Восток айыл аймагынын тургундарынын, Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын жашоочуларынын арызын, ат оюндар комплексинин Красный Восток айыл аймагынын куруу боюнча айыл аймагынын башчысы Э.М. Алыбаевдин маалыматын угуп, Красный Восток айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагынын төмөндөгү контурларында № 24-2,4га, 25-0,6га, 26-0,3га, 27-0,1га, 28-3,4га, 29-0,7га, 30-06га, 32-0,5га, 33-0,4га, 35-0,4га, 36-4,1га, 37-8,4га, 38-9,4га, 39-2,0га, 40-1,5га, 44-08га, 45-0,5га, 46-1,4га, 47-3,1га, 54-1,1га жайгашкан мамлекеттин менчигиндеги жалпы аянты 41,7га түзгөн жайыт жер тилкесин ат майданын куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин”
2. Красный Восток айыл аймагынын башчысы Э.М.Алыбаев Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына кайрылып, жайыт жерине ат оюдар комплексин курууга трансформациялап которуп берүүсүн сурансын.
3. Ат оюнун комплекси курулуп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамынын « Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» 31 беренесинин 5 бөлүгүнө таянып, Красный Восток айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын агрардык маселер боюнча иштеген депутаттар комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б. Закиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Красный Восток айылдык кенешинин 2019 жылдын 9-июлундагы № 13/1 "Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылынын 21-апрелиндеги №14/4 “Ат майданын куруу үчүн…Постановление · 09.07.2019 · № 13/1
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон