# Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 5/3 "Жайыт комитетинин айлык-акысын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 5/3 "Жайыт комитетинин айлык-акысын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/3
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46938/edition/891618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 5/3 "Жайыт комитетинин айлык-акысын бекитүү тууралуу" токтому (30.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410190

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 30-марты № 5/3 Жайыт комитетинин айлык-акысын бекитүү тууралуу

Красный Восток айыл аймагынын “Мин -Төкүм”жайыт комитетинин төрагасынын жана эсеп-кысапчысынын айлык акыларын бекитип берүү боюнча Жайыт комитетинин төрөгасы Д.Ж Рысалиевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар боюнча” Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгү жана 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму Токтом кабыл алат:

1. ”Мин - Төкүм” Жайыт комитетинин төрөгасынын жана эсеп –кысапчысынын айлык-акылары ,штаттык тартибине ылайык бекитилсин;

- жайыт комитетин төрагасыныкы - 5000(беш миң )сом

- эсеп-кысапчысыныкы - 3000(үч миң )сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кенешинин жер комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

Б. Закиров
