# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетинин аткаруучусу 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 123 "1941-1945-жылдардагы эмгектин ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетинин аткаруучусу 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 123 "1941-1945-жылдардагы эмгектин ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/41017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2434/edition/1162633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/41017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетинин аткаруучусу 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 123 "1941-1945-жылдардагы эмгектин ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (21.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/41017

---

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 21-апрели ПЖ № 123

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

1941-1945-жылдардагы эмгектин ардагерлерин

социалдык жактан колдоо боюнча кошумча

чаралар жөнүндө

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгын майрамдоо үчүн

согуш жылдарындагы кыргызстандыктардын эмгектик эрдигине татыктуу баа

берүү, ошондой эле ооруктун ардагерлерин материалдык жактан колдоо мак-

сатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-мартындагы №

63 "1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык

жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" мурда чыккан Жарлыгына

ылайык юбилейлик жөлөкпул алган адамдардан тышкары 1926-жылдын 1-янва-

рына чейин туулган адамдарга 1000 сом өлчөмүндө бир жолку юбилейлик ак-

чалай жолокпул төлөп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөп берүү үчүн зарыл акча каражатын

издеп тапсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
