# Кант шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 53/X-27 "Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 53/X-27 "Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53/X-27
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46904/edition/889340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 53/X-27 "Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (21.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410156

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 10-сессия 2018-жылдын 21-июну № 53/X-27 Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 08.06.2018-ж. №01-14/329/1 Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомунун 2.1 бөлүм, 2-бөлугүнүн 30-беренесине Кант ш. Линейная көчөсү № 13,14,16-үйлөрүнө “Ж-1А” (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) “П-1” аймагына (III-IV класстагы зыяндуу өндүрүш ишканасы) өзгөртүү киргизүү катын карап чыгып КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомунун 2.1 бөлүм, 2-бөлүгүнүн 30-беренесине “Кант шаарын укуктук аймактоо” төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Кант ш. Линейная көчөсү, үй №13,14,16 жалпы аянты 2212 кв. м., “Ж-1А” аймагынан (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) “П-1” (III-IV класстагы зыяндуу өндүрүш иш канасы) аймагына киргизүү, ошондой эле Панфилов, М.Горький көчөлөрүндөгү товар кампалардын, “Ж-1А” (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) аймагынан “К-1” (коммуналдык ишкана, транспорт кампалоо жана майда өндүрүш аймагы) аймагына киргизүүгө уруксат берилсин.

2. Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы “Кант-Сүт” ААКнун башкы планына жайгашкан аймагына шарт түзүүсү менен оңдоолорду киргизсин.

3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.

Төрага

А. Шайлдабеков
