Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 10-сессия 2018-жылдын 21-июну № 53/X-27 Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 08.06.2018-ж. №01-14/329/1 Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомунун 2.1 бөлүм, 2-бөлугүнүн 30-беренесине Кант ш. Линейная көчөсү № 13,14,16-үйлөрүнө “Ж-1А” (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) “П-1” аймагына (III-IV класстагы зыяндуу өндүрүш ишканасы) өзгөртүү киргизүү катын карап чыгып КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомунун 2.1 бөлүм, 2-бөлүгүнүн 30-беренесине “Кант шаарын укуктук аймактоо” төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Кант ш. Линейная көчөсү, үй №13,14,16 жалпы аянты 2212 кв. м., “Ж-1А” аймагынан (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) “П-1” (III-IV класстагы зыяндуу өндүрүш иш канасы) аймагына киргизүү, ошондой эле Панфилов, М.Горький көчөлөрүндөгү товар кампалардын, “Ж-1А” (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) аймагынан “К-1” (коммуналдык ишкана, транспорт кампалоо жана майда өндүрүш аймагы) аймагына киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы “Кант-Сүт” ААКнун башкы планына жайгашкан аймагына шарт түзүүсү менен оңдоолорду киргизсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага
А. Шайлдабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.