Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кенешинин «Кант шаарынын аймагында катталган жарандарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 10-сессия 2018-жылдын 21-июну № 51/X-27 Кант шаарынын аймагында катталган жарандарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүү жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук мыйзам жана тартип боюнча туруктуу комиссиясынын Кант шаарынын аймагында катталган жарандардын Кант шаарындагы балдарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүү жөнүндө чечимин карап жана талкуулап КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясына:
-балдардын тизмеси кылдаттык менен текшерилсин жана электрондук жана кагаздагы тизмелерди кезек күтүүнү көзөмөлдөө толугу менен сакталсын; -Кант шаарынын аймагында катталган жашоочуларга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын кызыкчылыгы корголсун.
2. Кант шаарындагы балдарга билим берүү уюмунун жетекчилерине:
-балдарга билим берүү уюмдарынын уставын Кыргыз Республикасынын 29.06.2009-жю №198 “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген 02.11.2012-ж. №765 “Мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча типтүү жобону бекитүү боюнча “типтүү жобого ылайык келтирилсин;
- Кант шаарындагы мектепке чейинки балдарга билим берүү уюмунда тайпаларды толуктоодо Кант шаарынын аймагында катталган жарандарга орун берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 1-октябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук мыйзам жана тартип боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жүктөлсүн.
Төрага
А. Шайлдабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 "Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 02.11.2012 · № 765 · Күчүн жоготкон