# Чүй айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 12/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 12/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/2
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46754/edition/881850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 12/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому (07.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410004

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-марты № 12/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу”

Чүй айылдык Кенешинин каржы,экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2018 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 35 334,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:

– Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы – 31 368,5 миң сом.

– Атайын эсептен – 3965,6 миң сом.

2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 35 334,1 миң сом.

Атайын эсептен – 3965,6 мин сом.

3. 2018-жылдын 1 – январына карата Чүй айыл өкмөтүндө каралган калдык:

Жергиликтүү бюджетинен – 915,6 мин сом; Атайын эсепте – 525,8 мин сом акча каражаты:

· 2218 статья “Тамак – аш” продуктыларына 447,4 мин сом;

· 2222 статья “Чарбалык товарларды сатып алууга” – 78,4 мин сом акча каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.

4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.

Төрага

З.Амангельдиев
