Чүй айылдык Кеңешинин “Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-марты № 12/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу”
Чүй айылдык Кенешинин каржы,экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2018 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 35 334,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:
– Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы – 31 368,5 миң сом.
– Атайын эсептен – 3965,6 миң сом.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 35 334,1 миң сом.
Атайын эсептен – 3965,6 мин сом.
3. 2018-жылдын 1 – январына карата Чүй айыл өкмөтүндө каралган калдык:
Жергиликтүү бюджетинен – 915,6 мин сом; Атайын эсепте – 525,8 мин сом акча каражаты:
· 2218 статья “Тамак – аш” продуктыларына 447,4 мин сом;
· 2222 статья “Чарбалык товарларды сатып алууга” – 78,4 мин сом акча каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага
З.Амангельдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон