# Садовое айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 26 “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Садовое айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 26 “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46750/edition/881852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/410000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Садовое айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 26 “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” токтому (24.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410000

---

САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын биринчи уюштуруучу сессиясы 2017-жылдын 24-апрели № 26 “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө”

Садовое а-а ветеринары А. Панпанзаны угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 06.06.2013-ж. № 91 “Жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Садовое айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү системасын киргизүү максатында Садовое айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Жаныбарларды (уйларды) идентификациялоого төлөм 90 сом бир башка , анын ичинде :

- Термометри жок клиникалык текшерүү – 10 сом ;

- Документтерди толтуруу – 10 сом ;

- Жаныбардын эки кулагына бирка тагуу – 20 сом ;

- Бир башка бирканын комплектисинин баасы – 37 сом 76 тыйын ;

- Аппликаторду колдонгону үчүн амортизациондук төлөм – 2 сом 24 тыйын ;

- Регистрдин жумушу- 10 сом .

2. Садовое айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча жооптуу адистери белгиленген график боюнча Садовое айылдык аймагында жаныбарларды идентификациялоону сапаттуу жана өз убагында өткөрүшсүн .

3. Жооптуу адистер жаныбарларды идентификациялоо маалыматтарын киргизүү үчүн өз убагында каттоо иштерин жана ветеринарлар берген маалыматтарды жалпылоо иштерин өз убагында жүргүзүшсүн .

4. Азыркы токтом чыккан маалдан баштап күчүнө кирет .

5. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .

Садовое айылдык кеңешинин төрагасы

В.Н. Саратовцев
