# Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/409808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46558/edition/895189/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому (22.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/409808

---

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы 2016-жылдын 22-декабры № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы. Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнө ажыратылган 3000000 (үч миллион) акча каражатынын эсебинен жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо максатында 160000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

3. Жогоруда ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевге жана ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин .

4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.

Төрага

К.Осконбаев
