Бүргөндү айылдык кеңешинин “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы 2016-жылдын 22-декабры № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы. Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнө ажыратылган 3000000 (үч миллион) акча каражатынын эсебинен жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо максатында 160000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жогоруда ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевге жана ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин .
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага
К.Осконбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8 ноябрындагы № 480-б (Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жаппы мамлекеттик сынактын женүүчүлѳру жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.11.2016 · № 480-р