# Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 24-февралындагы №11 "Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 24-февралындагы №11 "Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/409619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46370/edition/894781/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 24-февралындагы №11 "Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (24.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/409619

---

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 25-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы 2018-жылдын 24-февралы №11 Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 5-августу № 451 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 5-августу № 451 токтомунун негизинде Покровка айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Покровка айыл аймагына караштуу китепканалардагы китепканачылардын штаттык бирдиги бекитилсин.(тиркелет)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.

Төрага

М.Т.Садыков
