# Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелндеги № 85 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди башка категорияга которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелндеги № 85 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди башка категорияга которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/409194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45949/edition/882196/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелндеги № 85 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди башка категорияга которуу жөнүндө" токтому (18.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/409194

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы

2018-жылдын 18-апрели № 85 Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди башка категорияга которуу жөнүндө Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба,жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С.Аппазовдун билдирүсун угуп, талкуулап айыл өкмөтүнүн аймагындагы арыз берип кезекте турган атуулдарга турак-жай салуу, айыл чарба продукцияларын өндүрүү үчүн тамчылатып сугаруу ыкмасы менен жер участокторун өздөштүрүүгө жакшы шарттарды түзүү максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы 300 (уч жуз) га жер аянтын жерлердин жайыт түрүнөн жерлердин калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы 100 (жуз) га жер аянтын тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өздөштүрүүгө, жерлердин баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин баалуулугу кыйла баалуу түрүнө которууга макулдук берилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага

Ө.Дыйканов
