# Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 39 "Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 39 "Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/409100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45858/edition/880372/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 39 "Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ" токтому (27.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/409100

---

ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы 2017-жылдын 27-октябры № 35 Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ” 06.03.2013-жылы №91 мыйзамына Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 02.12.2014-жылы №694 “Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ жобосун бекитүү боюнча” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Ветеринардык жана Фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Кѳл райондук башкармасынын 24.10.2017-жылы №04-234катын карап,талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы малдарды идентификациялоо боюнча иш чараларды жүргүзүү приваттык (жеке менчик) вет адистерге милдеттендирилсин.

2. Малдарды идентификациялоо бодо малдын кулагына бирка акысы үчүн 38(отуз сегиз) сом операторго катто үчүн 2(эки) сом, вет адистердин бодо малдын кулагына бирка басуу үчүн эмгек акысына 30(отуз) сом баардыгы 70 (жетимиш) сом акча каражаты мал ээсинен алынсын.

3. Тийиштүү иш-чараларды эффективдүү алып баруусуна комиссия курамы түзүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдыкалыковго милдеттендирилсин.

5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет,финансы экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча”жана “Туризм, курортту ѳнүктүрүү жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология санитардык-ветеринардык коопсуздук ѳзгѳчѳ кырдаал боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

К. Жумабек уулу
