# Дара айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7- майындагы № 16 "Аймактык шайлоо комиссия курамына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7- майындагы № 16 "Аймактык шайлоо комиссия курамына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/409052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45810/edition/880184/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7- майындагы № 16 "Аймактык шайлоо комиссия курамына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө" токтому (07.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/409052

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIII – сессиясы

2018-жылдын 7- май № 16 Аймактык шайлоо комиссия курамына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына, КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамын жана резервинин курамын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы №8079 Жаңы-Жер, №8080 Чек, №8081 Кан, №8082 Жаңырык, №8083 Кайыңды участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамы жана резервинин курамы түзүлсүн. ( тиркемелер тиркелет)

2. Аймактык шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамын жана резервинин курамын бекитип берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.

Төрага

М.Султанов
