# Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 137 «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 137 «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45568/edition/902666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/408809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 137 «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жөнүндө» токтому (28.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408809

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

2018-жылдын 28-августу № 137 «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жөнүндө» Ош шаарынын мэриясынын, 2018-жылдын 2-августундагы №131/08-5, «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 250 Квт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтин 2МВТка чейин жеткирүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтомун чыгаруу зарылчылыгына байланыштуу маселени шаардык Кеңештин сессиясына киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 92-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 13-августундагы №22 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап, мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу сунушталсын.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
