# Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31- майындагы № 02 "Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31- майындагы № 02 "Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 02
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408764>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45524/edition/901468/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31- майындагы № 02 "Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому (31.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408764

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы

2018-жылдын 31- майы № 02 Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Б.Өзүбековдун билдирүүсүн, төраганын орун басарлыгына талапкерлерди сунуштоо боюнча депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жыл 31-майындагы № 1 протоколу бекитилсин. Бекитилген протоколдун негизинде Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Жусупахунов Мирбек Нышанович шайлангандыгы белгиленсин. Төраганын орун басарлары кызматына:

- депутат Өзүбеков Аманбек Бүркүткалиевич (көпчүлүк коалициядан);

- депутат Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович (азчылык коалициядан) шайлангандыгы белгиленсин.

Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага милдеттендирилсин. Бул токтом www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрага

М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин

31.05.2018-жылдагы I уюштуруу

сессиясынын № 02 токтому менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоодо жабык добуш берүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын

ПРОТОКОЛУ

Токтогул шаары 31.05.2018-жыл

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: А.Б.Өзүбеков Катчысы: Жамгырбек Кызы Кундуз Мүчөлөрү: А.Р. Касымов

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоо үчүн фракциялардын “Биримдик” коалициясы тарабынан сунуш кылынган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жусупахунов Мирбек Нышановичтин талапкерлиги жашыруун добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине киргизилди. Шайлоо өткөрүлүп, урнаны ачканда төмөндөгүдөй жыйынтыктар аныкталды.

1. 19 добуш - “ макул”, каршы - 2

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы токтом кылат:

Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон “Өнүгүү –Прогресс” фракциясынын депутаты Жусупахунов Мирбек Нышанович Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлансын. Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ А.Б.Өзүбеков

Эсептөө комиссиясынын катчысы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жамгырбек кызы Кундуз

Мүчөсү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ А.Р. Касымов
