Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31- майындагы № 02 «Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2018-жылдын 31- майы № 02 Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Б.Өзүбековдун билдирүүсүн, төраганын орун басарлыгына талапкерлерди сунуштоо боюнча депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жыл 31-майындагы № 1 протоколу бекитилсин. Бекитилген протоколдун негизинде Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Жусупахунов Мирбек Нышанович шайлангандыгы белгиленсин. Төраганын орун басарлары кызматына:
- депутат Өзүбеков Аманбек Бүркүткалиевич (көпчүлүк коалициядан);
- депутат Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович (азчылык коалициядан) шайлангандыгы белгиленсин.
Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага милдеттендирилсин. Бул токтом www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага
М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин
31.05.2018-жылдагы I уюштуруу
сессиясынын № 02 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоодо жабык добуш берүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ
Токтогул шаары 31.05.2018-жыл
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: А.Б.Өзүбеков Катчысы: Жамгырбек Кызы Кундуз Мүчөлөрү: А.Р. Касымов
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоо үчүн фракциялардын “Биримдик” коалициясы тарабынан сунуш кылынган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жусупахунов Мирбек Нышановичтин талапкерлиги жашыруун добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине киргизилди. Шайлоо өткөрүлүп, урнаны ачканда төмөндөгүдөй жыйынтыктар аныкталды.
1. 19 добуш - “ макул”, каршы - 2
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы токтом кылат:
Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон “Өнүгүү –Прогресс” фракциясынын депутаты Жусупахунов Мирбек Нышанович Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлансын. Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: ______________ А.Б.Өзүбеков
Эсептөө комиссиясынын катчысы: ______________ Жамгырбек кызы Кундуз
Мүчөсү: ______________ А.Р. Касымов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон