# Кууганды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 1- мартындагы № 6 "Жайыттар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кууганды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 1- мартындагы № 6 "Жайыттар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408702>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45462/edition/897095/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кууганды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 1- мартындагы № 6 "Жайыттар жөнүндө" токтому (06.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408702

---

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 1- марты № 6 Кууганды айылдык Кеңеши токтом кылат

1. Кууганды айылдык өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовдун, Кууганды айыл аймагына тиешелүү болгон жайыттарга байланыштуу маалымат-сунушу, маалымат катары кабыл алынсын.

2. “Кууганды айыл өкмөтүнүн жайыттарынын тышкы чек аралары, “Кыргыз СССРинин Министрлер Советинин 1990-жылдын 14-мартындагы №93-р сандуу буйругунун негизинде, “Кыргызгипрозем” долбоорлоо институту тарабынан 1991-жылы жүргүзгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын №22 формасынын, 1,2-тиркемелери менен аныкталган”-деп табылды.

3. “Кууганды айыл өкмөтү азыркы убакта ээлеген жайыттары, “Кыргызгипрозем” долбоорлоо институту тарабынан 1991-жылы жүргүзгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын №22 формасынын, 1,2-тиркемелери менен аныкталып, “Талас райондук Кеңешинин Президиумунун 1991-жылдын 12-декабрындагы №221 чечими менен бекитилген”-деп табылды.

4. “Кууганды айыл өкмөтүнүн азыркы ээлеген жайыттарынын тышкы чек аралары, “Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 3-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнунда №386 Токтому менен бекитилген Жобонун 7-пунктунун талаптарына ылайык аныкталган”-деп табылды.

5. “Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, 06.06.2012-жылы берилген “Б” №016057 жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны, “Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 16-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык берилген”-деп табылды.

6. Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, 06.06.2012-жылдагы сериясы “Б” №016057 жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыга, “Жер участогу “Кыргызгипрозем” долбоорлоо институту тарабынан аныкталып, Талас райондук Кеңешинин Президиумунун 1991-жылдын 12-декабрындагы №221 чечиминин, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 19-июнунда №386 Токтомунун жана Кууганды айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясынын 01.03.2017-жылдагы №6 Токтомунун негизинде берилди.

Төрага

Э.Тайтекеев
