# Ак-Добо айылдык кенешинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 63 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Добо айылдык кенешинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 63 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45450/edition/897073/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Добо айылдык кенешинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 63 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо жөнүндө" токтому (26.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408690

---

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 26-октябры № 63 Депутаттардын Ак-Добо айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жонундо маселени Ак-Добо айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин билдируусун угуп, талкуулап Ак-Добо айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ : Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:

1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Айыл жарчысы гезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси Мураталиев Э жана Мониторинг тобунун төрагасы У.Бабыровго жүктөлсүн.

Төрага

Джумакулов М
