# Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 7 "Техникаларды алуу үчүн долбоор сунуштоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 7 "Техникаларды алуу үчүн долбоор сунуштоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408623>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45383/edition/896285/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 7 "Техникаларды алуу үчүн долбоор сунуштоо жөнүндө" токтому (29.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408623

---

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-марты № 7 Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы Кыргыз Окмотунун 10-ноябрь 2017-жылдын № 633 токтомуна ылайык, Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, Ак-Дөбө айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас облусунун өнүктүрүү фондуна 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатына Ак-Дөбө айыл аймагына атайын техникаларды алуу үчүн долбоор сунушталсын.

2.Талас облусунун өнүктүрүү фондунан бөлүнө турган акча каражатына,долбоорду ишке ашырууда Ак-Дөбө айыл аймагы тарабынан өздүк салымы 100 000 (бир жүз миң )сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

М.Джумакулов
