# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралы ПЖ N 56 " Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уйбуло, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кенештин катчылыгынын алдында ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жонундогу Жобону бекитуу тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралы ПЖ N 56 " Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уйбуло, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кенештин катчылыгынын алдында ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жонундогу Жобону бекитуу тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1756/edition/513668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралы ПЖ N 56 " Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уйбуло, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кенештин катчылыгынын алдында ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жонундогу Жобону бекитуу тууралу" Жарлыгы (17.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4085

---

КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2004-жылдын 15-февралы ПЖ № 56

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдындагы ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" жана Кыргыз Республикасында андан аркы гендердик өнүктүрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын алдында ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
