# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45249/edition/891696/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтому (29.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408487

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын 11- кезексиз сессиясы 2017-жылдын 29-сентябры № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 466 сандуу токтомун жетекчиликке алып Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын жана эмгек акыларын 1-сентябрь 2017-жылдан №466 сандуу токтомуна ылайык бекитилген бюджетке кошулуп бекитилсин;

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү №466 сандуу токтомунун негизинде бекитилген бюджетке көбөйгөн айлыктын айырмасы Республикалык бюджеттен суралсын;

3. Кара-Суу айыл өкмөтү делегированных мамлекеттик полномочьялык штаттык бирдиктин (экономикалык статистик) Кыргыз Республикалык мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акыларын көбөйгөнү 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомунун негизинде 1-сентябрь 2017-жылдан баштап Республикалык бюджеттен түшкөн өз ара эсептешүү каражатынын калган акча каражаттарына кошулуп бекитилсин;

4. Бекитилген штаттык саны жана эмгек акыларын эсептеп такташып сметага киргизүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага жүктөлсүн.

Төрага

Эсенкул уулу Памир
