# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018 – жылдын 27 – июнундагы № 15/59 “Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2018–жылдын 27–апрелиндеги №11–444–18 “Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылдын 7–мартындагы № 4/11 токтомуна КАРШЫЛЫК БИЛДИРҮҮ”сү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018 – жылдын 27 – июнундагы № 15/59 “Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2018–жылдын 27–апрелиндеги №11–444–18 “Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылдын 7–мартындагы № 4/11 токтомуна КАРШЫЛЫК БИЛДИРҮҮ”сү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/59
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45209/edition/891308/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018 – жылдын 27 – июнундагы № 15/59 “Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2018–жылдын 27–апрелиндеги №11–444–18 “Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылдын 7–мартындагы № 4/11 токтомуна КАРШЫЛЫК БИЛДИРҮҮ”сү жөнүндө” токтому (27.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408446

---

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылышы) кезектеги 15-сессиясы

2018 – жылдын 27 – июну № 15/59 “Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2018–жылдын 27–апрелиндеги №11–444–18 “Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылдын 7–мартындагы № 4/11 токтомуна КАРШЫЛЫК БИЛДИРҮҮ”сү жөнүндө” Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009–жылдын 20–июлундагы №241 Мыйзамына негиз, «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011–жылдын 23–сентябрындагы № 571 токтому (2018–жылдын 29–январындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык) менен бекитилген жобонун 7–пунктуна ылайык, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча жана Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2018–жылдын 4–майындагы биргелешкен отурумунун № 2 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылдын 7–мартындагы “Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө” № 4/11 токтому күчүнү жоготту деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

У.Дарипова
