# Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 130 «Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 130 «Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45100/edition/884841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/408336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 130 «Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө” токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408336

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ кезектеги XIII сессиясы төртүнчү чакырылышы

2018-жылдын 20-июну № 130 «Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө” Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 3-майындагы №032-03/1935 Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын карап берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин «Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгү 337-беренесинин негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-июнундагы №15 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары өзгөрүүсүз калтырылсын.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
