# Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 118 «Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 118 «Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45088/edition/881960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/408324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 118 «Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408324

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ IV ЧАКЫРЫЛЫШ

2018-жылдын 20-июну № 118 «Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Ш.А.Мадаминовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15,16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 7 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Ш.А.Мадаминовдун маалыматы эске алынсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Кадырбаев А.Т.) Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын иш аракетине көзөмөлдү күчөтүү тапшырылсын.

3. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына (Мадаминов Ш.А.):

-Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын суу түтүктөрүнүн курулушун долбоордун негизинде жүргүзүлүшүн камсыздоо; -башкармалыктын титулдук баракчасын приоритеттүү иштерди аткарууну эске алуу менен кайра карап чыгуу; -курулуштардын курулуш жана санитардык нормаларга ылайык сапаттуу жүргүзүлүүсүн камсыздоо тапшырылсын.

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
