# Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/13 “А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан каттап окуган мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алуу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/13 “А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан каттап окуган мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алуу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/13
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44907/edition/876648/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/13 “А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан каттап окуган мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алуу жөнүндө” токтому (24.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408141

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы VII сессиясы

2017-жылдын 24-июлу № 7/13 “А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан каттап окуган мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алуу жөнүндө” “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” 4-чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-декабрындагы 32-сессиясынын № 32 токтомунун негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан, калктуу конуштардан каттап окуган мектеп окуучуларына кышкы мезгилде ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
